Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №217/34-7
Талас шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчету “ канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |