Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №218/34-7
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын (М.Долдоев) жалпы ишмердүүлүгү “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ишин жакшыртуу максатында “Инфо-Бухгалтер” электрондук базасын ишке киргизүү тездетилсин жана Талас шаарынын ген планын жылдын аягына чейин бүткөрүү боюнча тынымсыз иш аракеттер көрүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |