Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №220/34-7
Талас шаарында маршруттук каттамдардын ишин жакшыртуу жана жеке менчик таксилерди тартипке келтирүү багытында аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын иш планынын негизинде, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы “Биримдик” Ачык Акционердик Коомунун (К.Табышев) жалпы ишмердүүлүгү “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаарында маршруттук каттамдардын ишин жакшыртуу жана шаардын борбордук бөлүгүндө жеке таксилерди тартипке келтирүү багытында тиешелүү иш чараларды көрүү жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына (А.Джузупбеков) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |