Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №222/34-7
Талас шаардык Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарында жол кырсыктарын азайтуу багытындагы иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын иш планынын негизинде, “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (М.Арыкбаев) жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ишин жакшыртуу жана жол кырсыктарын азайтуу багытында иш аракеттер күчөтүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |