Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №223/34-7
Талас шаардык жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын киреше бөлүгүнүн планын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пункту, Талас шаардык мэриясынын 24.10.2019-жылдагы №01-1/1658 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Талас шаардык жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын киреше бөлүгүнүн планы 360,0 мин сом суммасында, анын ичинде бирдиктүү салыктын планы 100,0 мин сомго, унаа ээлеринен алынуучу салыктын планы 260.0 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына ( А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына ( Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |