Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы
2019-жылдын 31-октябры №224/34-7
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 9 айынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренеси жана Талас шаардык мэриясынын 30.10.2019-жылдагы 01-1/1697 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №8 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 102289,9 мин сом суммасында, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 92200,3 мин сом суммасында 1,2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылдын 9 айынын киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча атакарылган 2159,3 мин сомдун эсебинен Талас шаардык мэриясынын 2214 беренесине -100,0 миң сом, 2215 беренесине - 60,0 миң сом, 3111 беренесине – 200,0 миң сом, жалпы 360,0 миң сом акча каражаты кошумча каралып, каржылоого макулдук берилсин.
3. Талас шаардык мэриясынын 1-кабатындагы ондоп түзөө иштерин аягына чыгаруу үчүн Талас шаардык жергиликтүү бюджетинен Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылга каралган сметасынын 2215 беренесинен 1300,0 мин сом акча каражаты кыскартылып, Талас шаардык мэриясынын 3111 беренесине көбөйтүлүп, каржылоого макулдук берилсин.
4. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, тез арада каржылоо жагы милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |