Редакцияот 31.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги XXXIVсессиясы

2019-жылдын 31-октябры №225/34-7

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы №206/32-7 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2017-жылдын 30-декабрындагы №849 токтомуна ылайык, Талас каржы башкармалыгынын 25.10.2019 -жылдагы №01-04/135 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы №206/32-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына ( Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов