Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 25-январы №07
Чоӊ-Кой Суу каналынын жээгин бекемдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ жана жашылдандырууга ижарага берүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын тургуну А.Аскаровичтин жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы Чоӊ-Кой Суу каналынын жээгин бекемдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ жана жашылдандыруу үчүн, жалпы аянты 0,19га жер тилкеси, айыл тургуну Аскаров Анвар Аскаровичке 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай) ижарага иштетүүгѳ берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |