Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 25-январы №09
««ДОВ» ИСКАК бирикмесинин жетекчисин бекитүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айылдык «ДОВ» ИСКАКБнын 24.01.2019-жылдагы жалпы чогулушунун №01 протоколунун негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын «ДОВ» Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык кооомдук бирикмесинин жетекчиси болуп Бекбашев Кайрат Джекшенович бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4 Айылдык Кеңешинин чечимин аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновко тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |