Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 25-январы №11
Жайыт пайдалануулар бирикмесинин тѳрагасын дайындоо жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жамаатынын 23.01.2019-жылдагы №1 протоколун карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Кыдыралиев Сыртбай Капарович жумуш ордунан ѳз каалоосу менен бошотулсун.
2. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы болуп Ильязов Болот Токинович дайындалсын.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы жана бухгалтери, баардык банктык эсептеги финансы каражаттарын чечүүгѳ жана колдонууга укуктуу.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» жана Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |