Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы биринчи сессиясы
2019-жылдын 05-февралы №01
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн айылды инвестициялоонун үчүнчү долбооруна сунушталып жаткан ири долбоор кырманды реконструкциялоо жана чакан долбоор ҮДТ имаратын ремонттон ѳткѳрүү долбоордук сунушту бекитүү жөнүндө
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн айылды инвестициялоонун үчүнчү долбооруна сунушталып жаткан ири долбоор кырманды реконструкциялоо жана чакан долбоор ҮДТ имаратын ремонттон ѳткѳрүү долбоордук сунушун карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн айылды инвестициялоонун үчүнчү долбооруна сунушталып жаткан ири долбоор кырманды реконструкциялоо жана чакан долбоор ҮДТ имаратын ремонттон ѳткѳрүү долбоордук сунуштары №1жана №2 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Айыл ѳкмѳтү долбоордук сунушту облустук конкурстук комиссияга ѳз убагында берүү камсыздалсын.
3. Ѳздүк салымдын бюджети 5% бекитилсин жана конкурста ѳткѳндѳн кийин сунушта кѳрсѳтүлгѳндѳрдү техникалык жактан тейлѳѳ жана эксплуатациялоо үчүн чыгымдар каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |