Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы экинчи сессиясы
2019-жылдын 28-марты №01
Кара-Ой айыл аймагындагы ЖЧК «Жемчужина де Люкс» ѳзүнѳ тиешелүү жер участогунун түштүк тарабында жайгашкан кѳл жээгиндеги жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагындагы ЖЧК «Жемчужина де Люкс» арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы ЖЧК «Жемчужина де Люкс» ѳзүнѳ тиешелүү жер участогунун түштүк тарабында жайгашкан кѳл жээгиндеги 3,0 га жер аянты 5(беш) жылга ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |