Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы экинчи сессиясы
2019-жылдын 28-марты №02
ОсОО «Сарби» директору У.Джукеевке пластик чыгаруучу цех ачууга ижарага имарат берүү жѳнүндѳ
ОсОО «Сарби» директору У.Джукеев жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой ѳкмѳтүнүн балансында турган хоз. двордун күн батыш тарабында жайгашкан эски сарайдын бѳлмѳсүн Джукеев Улан Эмилевичке, 4 жыл 10 айга (тѳрт жыл он ай) ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |