Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезектеги жыйырманчы экинчи сессиясы
2019-жылдын 28-марты №05
Жаӊы конушка ысым ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар» жѳнүндѳ мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын «Алтын-Кѳл» эс алуу жайына кеткен жаӊы долбоорлонуучу №1 кѳчѳсүнѳ, Джапаров Кадыркул Джапаровичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кѳчѳнүн жарыктандыруусун камсыз кылуу жагы, уулу Джапаров Алымкул Кадыркуловичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |