Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2019-жылдын 28-марты №12
Кара-Ой айыл аймагындагы Арал жериндеги жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ
Кызайбеков Нарынбектин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызайбеков Нарынбекке Арал үлүш жеринин батыш тарабында жайгашкан 3,0 га жер аянты 5(беш) жылга бал челек коюуга ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн Жайыт Комитетинин тѳрагасы Б.Ильязовго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |