Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2019-жылдын 29-апрели №04
К.Мамбеталиевке жер тилкесин жеке менчике бекитип берүү жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагынын тургуну К.Мамбеталиевдин арызынын жана Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кенешинин XXVII– чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын, 29.04.2019-жылдагы № 04 протокулунун жыйынтыгы менен Кара-Ой айылдык Кеӊеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылдык Кеӊешинин 2010-жылдын 14-майындагы №2 токтому менен бекитилген Кара-Ой айылдык Округунун жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобосунун жана «Новый Путь» колхозунун жетекчилигинин отурумунун №3 протоколунун негизинде Мамбеталиев Канат Джумакадыровичке Кара-Ой айылынын Карабалаев №4 кѳчѳсүндѳ жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,08га ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |