Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2019-жылдын 29-апрели №07
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган эски газ балон сатуучу жайды ижарага берүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айылынын тургуну Иманов М.А. 19.04.2019-жылы жазган арызын жана Ысык-Кѳл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 23.04.2019жылдагы №49-19 архитектуралык-техникалык корутундусун карап чыгып, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган эски газ балон сатуучу жайды ижарага берүү максатында, Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган 60 кв.м эски газ балон сатуучу жайы жана 48 кв.м жанаша турган жер участогу 4(тѳрт) жыл 10 (он) ай мѳѳнѳткѳ ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ижара келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн финансы бѳлүмүнѳ тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана келишим түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |