Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 06-июну №04
Жарык берүүчү чырактарды орнотуу жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын ТЖКЧжЖТК тутумунун директору М.Абдыкадыровдун жазган сураныч каттарынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун 10.06.2019-жылы жазган сураныч катынын жана сметасына ылайык Ильязов, МТФ, Школьная кѳчѳлѳрүнѳ жарык берүүчү чырактарды орнотуу иштерин жүргүзүүгѳ керектелүүчү шаймандарды алууга акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
2. Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун 06.06.2019-жылы жазган сураныч катынын жана сметасына ылайык Ильязов, МТФ, Школьная кѳчѳлѳрүнѳ жарык берүүчү чырактарды орнотуу иштерин жүргүзүүгѳ РЭСтен техникалык шарттарын жасатууга, күйүүчү майга жана электрик кызматына акча каражаты айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ТЖКЧжЖТК тутумуна которулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |