Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы
2019-жылдын 10-июну №03
«Энесай» эс алуу жайынын кѳл жээги жѳнүндѳ
«Энесай» эс алуу жайынын жетекчиси Алымбаев Айбек Сагындыковичтин жазган катынын жана Кыргыз Республикасынын ѳз алдынча башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Энесай» эс алуу жайынын 2018-жылга кѳл жээгине болгон ижара тѳлѳмү 128800 (жүз жыйырма сегиз миӊ сегиз жүз) сом ѳлчѳмүндѳ 2019-жылдын август айына чейин ѳндүрүлсүн.
2. 2019-жылга «Энесай» эс алуу жайынын кѳл жээги 1гектарына 25000 (жыйырма беш миӊ) сомго ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |