Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2019-жылдын 11-июлу №04
Кара-Ой айыл аймагында жаңы курулуп жаткан БСРден чыгуучу магистралдык каналдын долбооруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагында жаңы курулуп жаткан БСРден чыгуучу (лотковый канал) магистралдык канал менен айдоо сугат жерлерине сууну кѳбүрѳѳк камсыз кылуу жана эффективдүү жеткирүү максатында, Кара-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагында жаңы курулуп жаткан БСРден чыгуучу (лотковый канал) магистралдык каналдын долбооруна ѳзгѳртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |