Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы
2019-жылдын 11-июлу №06
Кара-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Кара-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 22972,5 сом (жыйырма эки млн тогуз жүз жетимиш эки мин беш жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын счетуна 800,0 (сегиз жүз мин) сом менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. 2021-жылга карта Кара-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин кѳлѳмү, кирешелери жана чыгашалары боюнча 23642,2 сом (жыйырма үч млн алты жүз кырк эки мин эки жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын счетуна 1000,0 (бир млн) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын 2022-жылга карата 24100,4 сом (жыйырма тѳрт млн бир жүз мин тѳрт жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын счетуна 800,0 (сегиз жүз мин) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын.
3. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы, бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысынын убактылуу м.а. А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |