Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 09-октябры №08
ООО «НУР Телеком» ишканасына жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
ООО «НУР Телеком» ишканасын 17.09.2019-жылдагы №07/2392 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы мектептин түндүк жагындагы 25²м жер тилкеси, ООО «НУР Телеком» ишканасына уюлдук байланыш жабдууларын орнотуу үчүн, 2 жыл 11 айга (эки жыл он бир айга) ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |