Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII – чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 09-октябры №09
ЖАК «Альфа Телеком» ишканасына жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
ЖАК «Альфа Телеком» ишканасын 17.06.2019-жылдагы №05-04/1579 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын «Арал» ѳрѳѳнүндѳгү 16²м жер тилкеси, ЖАК «Альфа Телеком» ишканасына уюлдук байланыш жабдууларын орнотуу үчүн, 2 жыл 11 айга (эки жыл он бир айга) ижарага берилсин узартуу укугу менен.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечиминин келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн Жайыт Комитетинин тѳрагасы Б.Ильязовго тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |