Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 11/1
Ылай-Талаа айыл аймагынын өнүгүүсүнө бараандуу салымдарын кошкон инсандарга “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) 19.02.2019-жылдагы кезектеги XII сессиясында бекитилген “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы тууралуу Жобонун талаптарына ылайык комиссиянын сунушу боюнча Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
I. Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуусалымдарын, аракеттерин баалап комиссиянын кароосуна келген жамааттык жыйындардын протоколдору бекитилсин жана төмөндөгү инсандарга “Ылай-Талаа айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
1. Абдылдаев Автандил-Ылай-Талаа айылында төрөлгөн, Ош шаарынын тургуну,
2. Акматов Жумабек- Сай айылынын №8 бөлүмүнүнтургуну,
3. Ажимаматов Нышанбай- Ылай-Талаа айылында төрөлгөн, Ош шаарынын тургуну,
4. Шүкүров Сатыбалды- Ылай-Талаа айылынын №6 бөлүмүнүн тургуну.
II. Сыйланган инсандарга атайын жазуусу бар сый лента, төш белги жана күбөлүктөр Нооруз майрамына байланыштуу иш-чарада салтанаттуу түрдө тапшырылсын.
III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Жолдошов |