Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны
2019-жылдын 19-марты № 11/3
Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана инфраструктурасын көтөрүүдө кошкон салымы үчүн айырмаланган эл өкүлдөрүн сыйлоо жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) 19.02.2019-жылдагы кезексиз X сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселелер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
I. Ылай-Талаа айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымдарын эске алуу менен эл үчүн кылган эмгеги, аракеттери баалансын жана төмөндөгү депутаттар Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйлансын:
1. Мамазайиров Данияр - № 1-8 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат,
2. Ункулов Рашидбек- № 1-8 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат,
3. Төрөгелдиева Бурул- № 2-8 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунан депутат,
4. Раимкулов Марс- № 3-5 мандаттуу Сай шайлоо округунан депутат
II. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Жолдошов |