Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны
2019-жылдын 18-апрели № 13/1
Жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана ФПЗ, айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгын топтоо боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын абалы, жашылдандыруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана ФПЗ, айыл чарбасына жараксыз жерлердин салыгын топтоо боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу, жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында айыл аймагын өнүктүрүү боюнча жашылдандыруу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл аягына чейин көңүл сыртында калтырбай, аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алынган иш-чаралардагы тапшырмалардын айыл аймагындагы мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышын дайыма көзөмөлдөө менен бирге жол боюндагы арыктардын талаптагыдай деңгээлде болушуна, эгилген көчөттөрдүн куурап калышына жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго, айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б.Исаевге, айыл аймагындагы мекеме-уюмдун жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |