Редакцияот 18.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХI сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны

2019-жылдын 18-апрели № 13/2

Айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн 2018-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотиялык абалы, кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн мал чарбасы, ветеринария боюнча башкы адиси Б.Омошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизоотиялык абалды жөнгө салуу, кара малдарды идентификациядан өткөрүү  боюнча айыл өкмөтүнүн жана ветеринардык сервистердин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иши айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Ылай-Талаа айылынын аймагынын калкынын мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө, кетирилген кемчиликтерди четтетүү жанамалданадамгажугуучу, малдардын арасында жугуштуу ооруулардын тарапкетпешине дайыма көзөмөл жүргүзүү, жолбуниттердижоккылуу, кара малдарды идентификациялоо боюнча иштерди аягына чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго, орун басарыШ.Бекиевге жана мал чарбасы, ветеринария боюнча башкы адисиБ.Омошовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айылжанасуучарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына  (төрагасыБ.Тоотаев ) тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Жолдошов