Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХII сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны
2019-жылдын 13-июну № 12/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн “Европа өнүктүрүү жана реконструкция” банкынын каржылоосу менен ишке аша турган долбоорго пилоттук негизде кирүүгө айыл тургундарынын макулдугун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн “Европа өнүктүрүү жана реконструкция” банкынын каржылоосу менен ишке аша турган долбоорго пилоттук негизде кирүү тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн “Европа өнүктүрүү жана реконструкция” банкынын каржылоосу менен ишке аша турган долбоорго пилоттук негизде кирүүгө айыл тургундарынын макулдугу бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтү аталган долбоорго пилоттук негизде кирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |