Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХIV сессиясынын (VI чакырылыш) жыйыны
2019-жылдын 25-июну № 14/4
Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысынын орун басары Э.Б.Бусурманкуловдун 10-июнь 2019-жылдагы № 11-5280 сандуу катындагы тапшырмасын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри М.Д.Абылгазиевдин 20-декабрь 2018-жылдагы токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнүн салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү иш-чарасынын 5 жана 10-пункттарын аткаруу үчүн КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген ”Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарын аткаруу максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Келишимде белгиленген милдеттерди аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адистерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы С.Карабаев) милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Жолдошов |