Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2019-жылдын 29-октябры №21/5
Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү чон көчөгө жол белгилерин коюуу жөнүндө
Нарын- Ийри-Суу авто жолунда жол кырсыктары катталып жаткандыгына байланыштуу,
Чет-Нура айылдык кеӊешинин кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз , Ак-Кыя ,Чет-Нура, Орто-Нура ,Ийри-Суу айылдарына мектепке, бала бакчаларга жөө адамдар өтүүчү жерлерге атайын жол дөӊсөөлөрүн жана жол белгилерин койуу № 8 жол тейлөө ишканасынан суралсын.
2. Токтомду аткаруу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж Ажыбековго тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |