Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2019-жылдын 29-октябры №21/10
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылына «О» мобилдик компаниясынын интернет байланыш аннтенасын орнотуу жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылында «О» мобилдик компаниясынын интернет байланышы толук тартпагандыгына байланыштуу ,
Чет-Нура айылдык кеӊешинин кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылынын кыштактын четинен «О» мобилдик компаниясына интернет байланыш аннтенасын орнотуу үчүн 16м2 жер участогу берилсин.
2. «О» мобилдик компаниясына интернет байланышынын аннтенасын орнотуу үчүн жер участогун бөлүп, мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер жана турак боюнча адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж Ажыбековго тапшырылсын.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |