Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2019-жылдын 29-октябры №21/14
Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин бюджет жана этика комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылындагы Чет-Нура бала бакчасына кошумча жаӊы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 318 422(үч миллион үч жүз он сегиз миӊ төрт жүз жыйырма эки) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан бала бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздук салым катары жергиликтүү бюджеттен 497 794(торт жүз токсон жети миӊ жети жүз токсон төрт) сом каралсын .
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Сыдыкбеков |