Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №67
Айыл макамын алууга макулдук берүү жөнүндө
09.08.2019-жылдагы элдик чогулуштун №1 протоколунун негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жолдошбай Момунов айылына айыл макамын алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жолдошбай Момунов айылына айыл макамын алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |