Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №68
Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен согушунун баатырларын урматына жер бөлүп берүүгө жана аскердик замбиректи орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Баткен согушунун ардагерлеринин кайрылуусунун негизинде КР жер кодексинин 25-статьясынын 2-пунктунун таянып, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылындагы В.И.Лениндин айкелинин түндүк тарабына Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын 20-жылдыгынын урматына 0,0267га жер аянтын бөлүп берүүгө, аскердик замбиректи жана Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин орнотууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылындагы В.И.Лениндин айкелинин түндүк тарабына Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуясынын 20-жылдыгынын урматына 0,0267га жер аянтын бөлүп берүүгө, аскердик замбиректи жана Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин орнотууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |