Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №69
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургуну Маматов Сулаймандын өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 23.05.2003-жылы №6-127 сандуу токтому менен 69-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Маматов Сулаймандын Курук-Сай участкасындагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 23.05.2003-жылы №6-127 сандуу токтому менен 69-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |