Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №72
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын тургуну Муратов Жолдоштун өз арызынын негизинде Чет-Кызыл айылындагы 8-01-09-1003-0133 идентификациялык кодундагы 0,15 га жер участогун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айылынын тургуну Муратов Жолдоштун өз арызы негизинде Чет-Кызыл айылындагы 8-01-09-1003-0133 идентификациялык кодундагы 0,15 га жер участогун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |