Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2019-жылдын 27-августу №78
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынан Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылдык коомдук тартипти сактоо үчүн Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Бел айылына бөлүнгөн кызматкерлерине шарт түзүп берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылындагы маданият үйүнүн күн чыгыш тарабынан 0,03га жер аянты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Каламбеков |