Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышын кезектеги 7-сессиясы
2018-жылдын 17-ноябры №40
Айыл окмотунун салык адиси А.Садыкованын билдирүүсү «2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3 1,2 коэфицент жана там арка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффицентти » бекитүү жөнүндө
«2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3 1,2 коэфицент жана там арка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффицентти » бекитүү ошондой эле согуштун ардагери, тылдагы,авганчы, баткенчи, 1-2 топтогу майыптарга пенсия курагындагыларга, көп балалууларга, кароосуз жалгыз калган атуулдарга там арка салыгынан жеңилдик берүү жөнүндө Көлдүк айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча жетектөөчү адис А.садыкованын маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2019-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына к3-1,2 зоналдык коэффиценти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффиценти бекитилсин.
2. Көлдүк айыл өкмөтүнүн айылдарында жашаган согуштун ардагери, тылдагы,авганчы, баткенчи, 1-2 топтогу майыптарга пенсия курагындагыларга, көп балалууларга, кароосуз жалгыз калган атуулдарга там арка салыгынан жерлеринен 15 сотых өлчөмүндө жеңилдиктер берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |