Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышын кезектеги 7-сессиясы
2018-жылдын 17-ноябры №41
Айыл окмотунун салык адиси А.Садыкованын билдирүүсү жер салыгынын баасын жогорулатуу жөнүндө
Ош облусунун мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 07-3-16705 сандуу каты, Көлдүк айылдык кеңешинин финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып алардын талкуусунун негизинде Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезектеги 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көлдүк айыл аймагындагы сугат, кайракы, чөп ормо, жайыт жана көп жылдык бак 2019-жылдын 1-январынан баштап базалык өлчөмү 15 % пайызга жогорулатуу менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |