Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышын кезектеги 7-сессиясы
2018-жылдын 14-декабры №45
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө маселе каралып талкууларынын негизинде Колдук айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу типтүү жобосу бекитилсин. (Жобо 5_баракта тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика, социалдык маселелер жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |
Көлдүк айылдык кенешини 2018-жылдын
14-декабрдагы № _45_токтому менен бекитилген
(мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары – Комиссия ) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
кенештин чечими менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
ыйгарым укуктарга ээ.
15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кенешке киргизет.
жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзөт.
орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
--жергиликтүү кенештин депутаттары;
--муниципалдык кызматчылар;
--айыл аймагынын ичинде жашаган жарандык коомдун жана жергилктүү жамаатттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп
табылган;
-соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган
соттулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук кугунтуктоосу (жазык иши) токтотулбаган, мурда
жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналдык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылганадам комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергилктүү кенеш Комиссиянын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укутары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
-комиссия мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
-күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке ждөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыздайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укутарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда ;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;
-комиссия мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергилктүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктаганда;
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан 15календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулуш мүмүкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынан ыйгарым укутары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын
отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдын түшүшүнө карат) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укутуу болот. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чичим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом турундө чыгырыт.
23. Комиссия бузу жөнүндө ишти карап чыгып;
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгырат
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекс 29-берене)
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ышырылат.
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
- жүрүм турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоклоуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укутуу
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жатканда адамдарга суроо берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынап жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
- Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка докуметтерине кол коюу;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укутарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укутарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары;
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишкеашырат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды, бирдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат.
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга тадданууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларды жана токтомдорду аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүрүгүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажырыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу чечимдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту түзөт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн,адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
33. Иш кагаздын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал булл иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтарды өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл дакументтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүрүгүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3 тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, булл тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналын жүргүзө алат:
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме – уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.