Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы
2018-жылдын 26-декабры №54
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде Республикалык бюджеттен трансферттердин эсебинен киреше булагынан түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга чыгымдоо үчүн бөлүштүрүү жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде Республикалык бюджеттен трансферттердин эсебинен киреше булагынан түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Көлдүк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга декабрь ай ичинде Республикалык бюджеттен трансферттердин эсебинен киреше булагынан түшкөн 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражатын бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
2. Кошулмча акча каражатынын эсебинен айыл чарбасына 400 000 (төрт жүзмиң) сом өлчөмүлдө акча каражаты бөлүнсүн.
3. Республикалык бюджеттен бериллүүчү трансферттерден түшкөн киреше булагынан 400 000 (төрт жүзмиң) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сатыгулов |