Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 13 сессиясы
2019-жылдын 16-февралы №55
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетине 2019-жылга кошумча каражат кароо боюнча бекитүү жана айыл өкмөтүнүн атайын каражаты боюнча 2019-жылга бекитүү жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергилктүү бюджетине кошумча каражат кароо боюнча 01.01.2019-жылга айланма кассалык 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгаша булагынын беренелеринен үнөмдөлгөн 337 400 (үч жүз отуз жети мин төрт жүз) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга жылдырып бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Көлдүк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 12 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын
2. үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен аппараттык башкармадан 195,8 (бир жүз токсон беш мин сегиз жүз) сом, маданият тармагынан 43,1 (кырк үч миң бир жүз) сом, турак жай комуналдык чарбалардан 98,5 (токсон сегиз миң беш жүз) сом сом өлчөмүндө акча каражаты кемитилип бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн чыгаша булагынын беренелеринин эсебинен 337 400 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сатыгулов |