Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы
2019-жылдын 14-июну №60
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомуна ылайык Кыргыз Мамлекеттик Жер долборлоо институту тарабынан иштелип чыккан жер фондун инвентаризациялоо жумуштары жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтомуна ылайык Кыргыз Мамлекеттик Жер долборлоо институту тарабынан иштелип чыккан жер фондун инвентаризациялоо жумуштары жактырылсын.
2. Көлдүк айыл аймагындагы 2018-жылдын 18-июнундагы № 93-б буйругуна ылайык түзүлгөн комиссия менен биргеликте иштелип чыккан жер фондун инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |