Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 19 сессиясы
2019-жылдын 18-июну №61
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
АРИС тарабынан каржыланган Э.Атакулов атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүп жылытуу системасын куруу боюнча долбооруна каралган 160 000(жүз алтымыш миң) сом айыл өкмөттүн өздүк салымы бюджетте каралбай калгандыктан, ремонт жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында Көлдүк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Э.Атакулов атындагы орто мектептин капиталдык ремонтуна айыл өкмөттүн эсебинен тиешелүү акча каражаты бөлүнсүн.
2. Башкаруу тармагынан сметасынын сапар чыгымдарынын 40 000(кырк миң) сом, ар кандай чыгымдар беренесинен 50 000(элүү миң), билим берүү тармагынын ар кандай чыгымдар беренесинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты билим берүү тармагынын капиталдык ремонт беренесине (3111) жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |