Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы
2019-жылдын 06-сентябры №64
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдагы №226 токтомуна ылайык колхоз-совхоздордун чек-араларында жайгашкан токойлуу жерлерди тактоо, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин, Өзгөн токой чарбасынын жерине алмаштыруу жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдагы №226 токтомуна ылайык колхоз-совхоздордун чек-араларында жайгашкан токойлуу жерлерди жайгашкан 197га жер аянты 1993-жылы үлүш жерден Өзгөн токой чарбасына берилип калган, ошол жердин ордуна 197га Чат участкасындагы экме токой аянттары, ошондой эле Ничке участкасындагы “Тал” участкасындагы токой аянттары Өзгөн токой чарбасына өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мамкатоонун Өзгөн райондук башкармасынын бекитилип берилген жер тилкесине болгон менчик укугун каттоону жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |