Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы
2019-жылдын 20-октябры №72
Шамал-Терек айылындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинин эски имаратынын жарактуу материалдарын сатуу жөнүндө
Көлдүк айылдык кеңешинин 6чакырылышынын кезексиз 20 сессиясысынын күн тартибиндеги маселени айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевдин жана мектеп директору К.Нышанбаевдин маалыматын угуп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Шамал-Терек айылындагы Р.Конкошев атындагы №12 орто мектебинин жаңы курулуш иштери башталгандыгына байланыштуу мектептин эски имаратынын жарактуу деген материлдары сатылсын.
2. Сатуу иш-чараларын уюштуруу мектепти бузуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Нурали уулу Алманбет |