Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-декабры №28/27-94
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан 13,64га жер тилкесин контур 1064/16,9га бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенеши 2019 жылдын 29 ноябрында чыккан жер тилкесин бир категориядан башка категорияга же жердин бир түрүнөн башка түрүнө өткөрүү боюнча райондук комиссиянын корутундусунун негизинде «Шанфен Зет Цемент» ЖЧКсына заводту кеңейтүүгө Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Жель-Арык участкасында жайгашкан 13,64га жер тилкесин контур 1064/16,9га «Айыл чарба» категеориясындагы жайыт жерден, «өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча мүмкүнчүлүгүн карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылдык Кенеши «Шанфен Зет Цемент» ЖЧКсына заводту кеңейтүүгө Жель-Арык участкасында жайгашкан 13,64га жер тилкесин контур 1064/16,9га «Айыл чарба» категеориясындагы жайыт жерден, «өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» (заводту кеңейтүүгө) категориясына которуу (трансформациялоо) мүмкүн деп эсептейт.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын Кемин райондук мамлекеттик администрациясы аркалуу Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө Жель-Арык участкасында жайгашкан 13,64га жер тилкесин контур 1064/16,9га «Айыл чарба» категориясындагы жайыт жерден, «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) сунушталсын.
3. Суралсын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кемин филиалынан айыл чарба өндүрүш жана алынбай калган жоготууларды эсептөө жүргүзүлсүн. Которуу (трансформациялоо) жол-жобосу аяктагандан кийин тиешелүү өзгөртүлөр жер эсепке алуу документтерине киргизилсин.
Төрага | Э.А.Усубалиев |