Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI шайланган кезексиз ХХIV отурумунун
2019-жылдын 27-сентябры №24/5
Молдокулова Алтын Сариевнанын Ош-Сары-Таш жолунун 90 км Күн-Тийбес участкасынын участогундагы сатып алган жерине Конок үйүн жана эс алуу жайын курууга берүү боюнча 2018-жылдын 24-декабрындагы жазган арызы боюнча айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы буйругун бекитүү жөнүндө
Молдокулова Алтын Сариевнанын Ош-Сары-Таш жолунун 90 км Күн-Тийбес участкасынын участогундагы сатып алган жерине Конок үйүн жана эс алуу жайын курууга уруксат берүү боюнча айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы буйругун карап чыгып, Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдокулова Алтын Сариевнанын Ош-Сары-Таш жолунун 90 км Күн-Тийбес участкасынын участогундагы сатып алган жерине Конок үйүн жана эс алуу жайын курууга берүү боюнча 2018-жылдын 24-декабрындагы жазган арызы боюнча айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы буйругу бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Арынбаев |