Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-майы №1
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча отчету жѳнүндѳ
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүсүүнүн камсыз кылуу максатында:
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылга карата 32278.9 мин сом бюджет бекитилген. Анын ичинен 2019-жылдын 9 айында 18082.7 мин сом аткарылшы пландаштырылган. 2019-жылдын 9 айында аткарылганы 16843.1 мин сомду түзѳт. Процент менен эсептегенде 94.2 пайызды түзѳт. “ Алдаяр-Уголь Лимитет” жоопкерчилиги чектелген коом менен түзүлгѳн келишимде кѳрсѳтүлгѳн 2 млн 920 мин сомдун ордуна табигый байлыктардан пайдалануу убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу айыл ѳкмѳтүнүн эсебине 220 мин 400 сом акча каражаты түшкѳндүгү үчүн жергиликтүү бюджет толугу менен аткарылбаган.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 9- айында жергиликтүү бюджеттын аткарылышы боюнча жүргүзгѳн чарбалык ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетин аткарылышын ѳз убагында камсыз кылуу, бѳлүнгѳн каражаттарды белгилиенген убакыттарда жана ѳз багыты боюнча пайдалануу чараларын кѳрүү жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүна тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлѳдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |