Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 26- кезектен тышкаркы сессиясы
2019-жылдын 26-октябры №1
Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жерге жылдырууга макулдук берүү жѳнүндѳ.
Жаңы-Ноокат аймагындагы М.Эргашов, Амир-Темур, №58 кесиптик лицейинин, №12-13 үй- бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамаатынын айыл борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жакка жылдыруу тууралуу сураныштарын карап чыгып, мал базар жана жайма базар иштеген күндѳрү айыл борборунда автоуналардын тыгыны болуп, жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы, айыл борборунда санитардык-гигиеналык абалдын бузулушуна алып келе жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жѳнүндѳгү” мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базар жана жайма базар иштеген күндѳрү айыл борборунда автоуналардын тыгыны болуп, жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы, айыл борборунда санитардык-гигеналык абалдын бузулушуна алып келе жаткандыгына байланыштуу башка жакка жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы мал базарды жана жайма базарды башка жерге жылдыруу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |